Баткендеги Шамбесай алтын кенинде мыйзамсыз чалгындоо жүргүзүп, жергиликтүүлөр тарабынан контейнерге камалган Кытай жарандарына айып салынат

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан "Шамбесай" алтын кенине келип, жергиликтүү эл тарабынан контейнерге кармалган кытайлык 4 жаранга айып салынат. Бул тууралуу Кадамжай РИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрда саат 12:30дар чамасында болгон. Анда Кытай жарандары "Шамбесай" алтын кенине келип алтын бар же жок экенин аныктоо үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.

"Кытай жарандары "Шамбесай" алтын кенине барган учурда Майдан айыл аймагынын 50-60ка жакын жашоочулары аларга кысым көрсөтүшкөн. Окуя болгон жерге Кадамжай РИИБинин кызматкерлери барып, Кытай жарандарын камалган контейнердин ичинен бошотуп чыгышып, элди тычтандырышкан", - дейт маалымат кызматы.

Ал эми камалган кытайлык 4 жаран Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Чандалаш аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн "Голден-Групп" компаниясынын башчысы жана кызматкерлери экени аныкталган.

"Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 459-беренесинде (аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндиктерин пайдалануу маселелери боюнча мыйзамдарды сактабоо) көрсөтүлгөн административдик укук бузуунун курамы бар болгондуктан, Кытай жарандарын жоопкерчиликке тартуу үчүн жыйналган материал Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгына чара көрүү үчүн жөнөтүлдү", - деп билдирди маалымат кызматы.

Ошондой эле кытайлык жарандарга мыйзам бузгандыгы үчүн административдик айып салынып, алар иштеген компаниянын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aitowa11
2018-09-28 18:17:51
Айып пулду болушунча коп салып, кытайга депортация кылгылачы!
+9
beka666
2018-09-28 18:30:42
Канча салышты болду экен, ачык жазсанар болмок, же сол чонтокко уруп коруштубу акчаны
+4
beka666
2018-09-28 18:31:00
Й
0
Chagylgan2
2018-09-28 19:07:09
Болгону ошолбу?!! Кыргызстан проходной двор болуп калган окшойт кытайларга, эч кимден сурабай билген б...н жеп журушсо Кыргызстанда каалаган ишин кылып.

Мындай кытайлардын биртке тыйынына алданбай, бир омурго депортация кылып, тиги Чаткалдагы алтын кенин жаап салуу керек... Бул кытайлардын копкондугун корсотуп жатат. Кыргыздар Кытайда ошентип корсунчу, 20-30 жылга камап салмак же атып салмак. Биздикилер болсо 5-10 тыйынын алып кое беришиптир. Уят да уят, Соке уят!
+4
Chagylgan2
2018-09-28 19:12:16
Тогуз-Тороодо мыйзамсыз завод курулушун баштаган кытайларга чара корундубу, жок. Кайра ошол чала курулуп буткон заводун орттогон жарандарыбыз камалып отурат. АША Кыргызстанды белчесинен карызга батырып Кытайга жарым жартылай коз каранды кылып койду. Соке болсо АШАнын саясатын улантып, кыргыздарды Кытайга тизе буктургусу келип жатабы ыя?!! Сокенин чон атасы, оз атасы Кытайдын нанын жеп калгандар да. Кыргызстанды Кытайга сатып жибербесе болду эми Соке...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан