30-сентябрь күнү төрөлгөндөр сүйкүмдүү, оор басырыктуу, коомчулук менен пикир алышууну жактырган адамдар болушат. Алар кандай адамдар менен сүйлөшпөсүн, бат эле тилин таап сөзгө тартып кетет. Ошондуктан булардын курчап турган дос-тааныштары көп десек жаңылышпайбыз.
Бул күнү төрөлгөн адамдардын акылы курч, энергиялуу, амбициясы күчтүү болгондуктан кандай жумуш болбосун андан ийгилик жарата аларына көзү жетет. Алар өзүнүн гана эмес, башка бирөөлөрдүн да оюн угуп, сыйлап, анан чечим чыгарат. Ушул күнү жарыкка келгендер пикир алышууну абдан жактыргандыктан, кандай иш болсо да, тез эле аралашып көнүп кетишет.
30 санынын алдында төрөлгөн адамдар жеке мамиледе сүйүү, романтикага караганда достукка көбүрөөк басым жасашат. Ал эми чыныгы сүйүүгө кабылса, мамилесин узак убакытка сактоого аракет кылышат.