КҮНСЕРЕП: Чиновниктердин "ааламында" карапайым пенсионерлер пенсияга жашап, саякаттаса да болот

Бүгүн, 1-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилиги "өлкөнүн имиджине зыянын тийгизип жатат" деп дагы бир окуя боюнча маалымат таратты. Бул ирет маселе ишкер катары Кыргыз мамлекетинин атынан Маданият жана маалымат министрлигинин сунушу менен Түштүк Кореяга кирип, кайра чыкпай койгон жарандар тууралуу. Ушул жылдын июнь айында Кореядагы ири көргөзмө-жарманкеге мамлекеттик органдардын сунушу менен Кыргыз Республикасынын курорттор ассоциациясынын өкүлдөрү барган.

Элчилик аталган ассоциацияны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуштаганын билдирди. Маалыматка караганда, Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиевдин жетекчилигинин алдында Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков аттуу жарандар аталган иш-чарага катышмак. "Буга байланыштуу Кыргыздын Кореядагы элчилиги аты аталган жарандарга виза алууга жардам көрсөткөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков Кореяга кирген боюнча чыкпай коюшкан. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Түштүк Корея бийлигинин Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдарына негативдүү мамилесин жаратып, ишенимин жоготот", - деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө. Мамлекеттик органдар эле эмес, мындай окуялардын Корея Республикасында иштеп жүргөн, эми барып иштөө үчүн аракет кылып жаткан жарандарга да зыяны тиет. Бул өңдүү адамдардын айынан Кыргыз жарандарына аталган өлкөгө виза алуу көйгөйү жаралышы толук мүмкүн. Элчиликтин бүгүнкү мындай маалыматы мамлекеттик органдар эл аралык иш-чараларга катыша турган адистерди тандоодо кылдат мамиле жасоосу зарылдыгын көрсөттү...

Жайкы эс алууга чыккан Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көлдүн жээгинде түшкөн сүрөттөрүнө тамашалуу мем жаралып, интернетке тарап кеткен эле. Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ошол мем боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Август айынын башында Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө эс алган. Анын эс алуудагы сүрөттөрүн президенттин басма сөз кызматы жарыялагандан кийин сүрөттөр интернетте талкуу жараткан эле. "Өлкө башчынын кадыр-баркына шек келтирүүдө" делген мемдин автору - дизайнер Никита Тарасенко. Ал Башкы прокуратурага мем боюнча түшүнүк кат жазуу үчүн чакырылганын айтып чыкты. "Түшүнүк катта сүрөткө жазылган сөздөрдүн себебин, маанисин жазышым керек экен. Башында баары олуттуу мамиле кылганга аракет кылышты. Кийин чогуу күлүп эле узатып коюшту. Президенттин кадыр-баркы үчүн санаа тарткан бир аял арыз жазыптыр", - дейт Тарасенко. Албетте, президенттин кадыр-баркы корголууга тийиш, бирок мемде жарандын кадыр-баркына шек келтирүүчү эч нерсе жок. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы аталган мем Жээнбековду күлдүргөнүн маалымдады. Ошентсе да ушундай арызды Башкы прокуратуранын жарандан кабыл алып, иликтөө жүргүзгөнү суроо жаратат.

SUPER.KG порталы Күнсобол рубрикасынын алкагында "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген суроонун негизинде эксперттердин арасында собол салганда, алар бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөөсү керектигин айтышты. Жогорку Кеңештин акыркы үч чакырылышынын депутаты Ирина Карамушкина президенттерди кол алдындагы аппараты жана айланасындагылар ажыдаарга айлантат деген пикирин билдирди. "Өлкө башчынын ачуусунан корккон бөлүм башчылары чындыкты жашырып, ага бурмаланган маалыматты жеткиришет", - дейт депутат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Жогорку Кеңеште күчтүү оппозициянын жоктугунан бийликтин кемчиликтери көз жаздымда калып калышы мүмкүн деген оюн айтты.

Прокуратура, УКМК, дегеле укук коргоо, сот органдары өткөндөн сабак алышы керек. Бөрк алчу органдар баш алып жүрүп, сөз эркиндиги кысымга алынып, өлкөдө 2 ирет революция болгон. Президентти ажыдаарга айлантпоо, мыйзам чегинде иштетүү - аталган органдардын милдети...

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын социалдык баракчасына жазган посту сынга кабылды. Ал пенсионерлер пенсиясынан 6-7 миң сомдон чогултуп топтоп саякаттай алат деп жазды. Мындан улам анын дарегине "социалдык блокко жооптуу министрлик жана анын жетекчилиги элдин чыныгы турмушунан кабары жок", "бул ой аткаминердин өз тармагын түшүнбөй тургандыгынын белгиси" деген жөндүү сындар айтыла баштады. Мамытова аны туура эмес түшүнүп алышты деп шылтап, жазганын оңдоого мажбур болду.

Кыргыз өлкөсүндө бүгүнтөн тарта пенсиянын орточо көлөмү 5 миң 682 сом болот. Буга чейинкиден 378 сомго жогорулады. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, өлкөдө 648 миң пенсионер бар. Алардын дээрлик 40 пайызында пенсиясынын көлөмү жашоо минимумунан төмөн. Статистика комитети 2018-жылдын 2-кварталына карата бир айга керектелүүчү каражат (жашоо минимуму) пенсионерлер үчүн кеминде 4 миң 387 сом болушу керек деп аныктаган. Мамытова "пенсионерлерде саякатка ай сайын ашыкча 6-7 миң сом бар" деген маалыматты кайдан алганы түшүнүксүз. Мамытованын мисалында учурдагы өлкөдөгү кадр саясатынын кейиштүү абалын көрсө болот. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калктын социалдык абалын, өзгөчө жакыр жана аярлуу катмарын коргоосу керек болгон мекеме. Колдоого, коргоого, реформага муктаж тармакка карапайым калктын чыныгы абалын билбеген, турмуштук тажрыйбасы жетишсиз адамдардын жетекчи кызматтарга келиши өнүгүүгө жол бербей жатат. Лунара Мамытова көп жыл бою телеканалдарда диктор болуп иштеп, 2015-жылы Жогорку Кеңештин "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. 7 айдан кийин мандатын тапшырып, "Бир Болдун" квотасы боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлыгына келген. Бул кызматта ал көзгө көрүнөрлүк элге пайдалуу иш, демилге менен айырмалана элек. Калк социалдык тармактагы баракчаларынан улам анын чет өлкөлөргө сапарлары, ал жактардан түшкөн кооз сүрөттөрүнө көбүрөөк күбө болуп келе жатат. Коомчулук Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө элге пайдалуулугу күмөн жараткан сапарларын, аларга кеткен каражатты эсептеп бүтпөй жаткан маалда министрдин орун басарынын "пенсиядан чогултуп, чет өлкөлөргө силер да эс алууга барып турсаңар болот" деген "кеңеши" кыжырданууларды жаратты...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан