Кыргыз өлкөсүндө пенсионерлердин 0,2 пайызы 20 миң сомдон жогору пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан өлкөдө 648 миң пенсионер бар.
"Учурда 648 миң пенсионердин 38 пайызы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алышса, 0,2 пайызы 20 миң сомдон жогору пенсия алышат.
2 миң сомго чейин пенсия алгандардын пайыздык көрсөткүчү 41 пайыздан 2 пайызга чейин, 2 миңден 4 миң сомго чейин пенсия алгандардын саны 52 пайыздан 22 пайызга чейин түштү. Ал эми 4 миңден 10 миң сомго чейинки пенсиялык төлөм алгандардын саны 6 пайыздан 66 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул көрсөткүчтөр акыркы 8 жылдын ичиндеги жетишкендиктер", - деди Медер Ирсалиев.