Эмгек мигранттарынын пенсиялык топтомдорун экспорттоо үчүн бир нече өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев маалымат жыйынында билдирди.
"Түркия менен пенсияларды экспорттоо боюнча келишим түзүлүп, азыркы учурда Жогорку Кеңеште ратификацияда турат. Келишим күчүнө киргенден кийин Түркияда иштеп келген жарандарыбызга ал жактын мыйзамдары менен пенсия көлөмү эсептелип, жетпей калганы биз тараптан кошулуп төлөнөт.
8-9-октябрда Москва шаарында Орусия тарап менен акыркы сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул сүйлөшүүлөр да Түркия мамлекети сыяктуу пенсияларды экспорттоо тууралуу жүрмөкчү.
Мындан сырткары Түштүк Корея өлкөсү менен келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө иштеп жатат. Корея өлкөсү пенсиялардын топтомо компонентин гана которуп берип жатат. Башкача айтканда, расмий түрдө иштеп жүргөн жарандарыбыздын ал жактын улуттук пенсиялык агенттигине которулган төлөмдөрү мигранттар кайтып келген соң төлөнүп берилүүдө.
Ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандар өз каалоосу менен пенсиялык фондго орточо эмгек акысынын 10 пайыздан кем эмес бөлүгүн төгүп, өзүнүн пенсиялык стажын топтосо болот", - деди Ирсалиев.