2019-жылдын жаз айларынан баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт

2019-жылдын жаз айларынан баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр эл аралык тажрыйбалар эске алынып, жаңыланган дизайнда жана көптөгөн коргоочу элементтер менен даярдалат жана документ чогултуу жана берүү эрежелери толугу менен кайра каралып чыгат. Жогорку сапаттагы пластиктен жасалып, айдоочу тууралуу маалыматтар лазер менен жазылат. Бул жазуулардын өчүп кетүүсүнөн сактап, жасалма күбөлүк жасоо мүмкүнчүлүгүн жоготот.

"Жаңы күбөлүктөрдү 10 жылдык мөөнөткө берүү каралып жатат. Азыркы учурда колдонууда жүргөн айдоочулук күбөлүктөр мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп, жаңысына алмаштыруу зарылчылыгы болбойт жана баасы азыркыдан бир топ төмөн болот. Мындан сырткары автоунаалар үчүн жаңы пластиктен жасалган техникалык паспортторду даярдоо каралууда", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Cherik.777
2018-10-02 08:31:12
Паспортту жасап алгандан кийин айд.к куболук оной эледа...не дейбиз дагы эле кашайган элдин шоруда
+11
nurbek56
2018-10-02 08:57:48
Элдин акчасын жегенден башканы билишпейт. Бул жерде 10.жылдык айдоочулук куболугу мооноту буткончо колдоно берет деп айтышыптыр. Аа мооноту жок правалар эмне кылышат менин айдоочулук кубоолугумдун мооноту жок.
+3
patiydin
2018-10-02 09:22:43
nurbek56,Иним мооноту жок болсо бул права биргана Кыргызтанга отот. Чет мамлекеттер тан албайт.
0
patiydin
2018-10-02 09:23:25
nurbek56, ошондуктан срогу бар права на алмаштыр.
0
emirchik
2018-10-02 09:00:22
Пасспорт Айдоочулук Куболук Бул Докментер закондошкон Бизнеске айлындырып алдынар Элдин Акчасын Алдап алгыла
+6
titanik32
2018-10-02 09:29:37
Туулгандыгы тууралуу күболүктү дагы жаңысын иштеп чыгып,элди шорлотуп акча кылгыла,ошондо көбүрөөк пайда түшөт.
+5
Bazana
2018-10-02 09:59:27
titanik32,тушунуп тушунбой эле наалый бересинерби , алмаштыргыла деген жери жок , жаны улгусу чыгат деп турат.
+6
Modric10
2018-10-02 09:36:02
Эми права деп таман тешип журот экенбиз да.шордуу эл экенбиз
+1
Babi.
2018-10-02 10:30:46
Окуп права алуу да дагы бир топ жылыш бар,мурдагыдай акчаны бердин бир жумада алдын болбой калды,мектепте сабак откондой тартипте болуп баратат,буйруса жылыш бар
+2
Zhoro
2018-10-02 10:53:49
Элдин шорубу
-2
Muratmipa
2018-10-02 10:56:06
Негизи бизге эч нерсе жакпайт кылса кылды кылбаса кылады деп негизи права срок менен болуш керек мен 18 жыл мурда алгам праваны срок жок а мен суротумду корур озум жакшы тааныбаймын
0
rustin13
2018-10-02 15:54:25
Акча учун деп тушунуп тушунбой наалый бербегиле, Таджикистанда права алыш учун 30000 сомдой акча кетет загранпаспорт учун 10000сом кетет
0
muslim87
2018-10-02 15:57:30
Тех паспортту пластиктен жазаса жакшы болмок чынында. Кайдагы бир начар кагаздан жазайт сыртындагы клонкасын жакшы жармаштырышпайт машинада жүрүп өзүнөн өзү жыртылат
0
Aidar.001
2018-10-02 20:19:44
Экоону алса болот бекен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан