Өткөн апта ичинде мас абалында унаа башкарып жүргөн 338 айдоочу кармалган

Өткөн апта ичинде жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 338 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында жалпы санынан 20 миң 482 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 2291 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, жол боюнда көрсөтүлгөн атайын белгилерди сактабагандыгы үчүн 3910, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 66 айдоочу жоопко тартылган. Натыйжада бир апта аралыгында 1118 унаа айып төлөөчү жайга токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан