Доллардын курсу сомго карата бир күндө 32 тыйынга арзандады. Улуттук банктын маалыматына ылайык, кечээ, 1-октябрда 1 АКШ доллары 69 сом 27 тыйынга барабар болсо, бүгүн 68 сом 95 тыйынга барабар. Доллар бир күндө 0,47 пайызга арзандаган.
Ал эми Бишкектин коммерциялык банктарында орточо эсеп менен 1 доллардын баасы сатып алуу үчүн 68 сом 94 тыйындан 68 сом 85 тыйынга чейин болсо, сатуу үчүн 68 сом 64 тыйындан 68 сом 75 тыйынга чейин жетет.
Ал эми Улуттук банктын курсу боюнча 1-октябрга караганда евронун баасы 0,49 пайызга, рубль 0,44 пайызга, казак теңгеси 0,99 пайызга арзандаган. Евронун курсу сатып алуу үчүн 80 сом 43 тыйын, сатуу үчүн 80 сом 4 тыйынды, рубль сатып алуу үчүн 1 сом 6 тыйын, сатуу үчүн 1 сом 5 тыйын, теңге сатып алуу үчүн 19 тыйын, сатуу үчүн 18 тыйынды түзөт.
Коммерциялык банктарда орточо эсеп менен еврону сатып алуу 79 сом 98 тыйын, сатуу 79 сом 21 тыйын, рублду сатып алуу 1 сом 6 тыйын, сатуу 1 сом 5 тыйын, теңгени сатып алуу 19 тыйын, сатуу 18 тыйын турат.