"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча конкурста утулуп калган компания: "Сынакты өткөрүү эрежелери бузулганы үчүн сотко кайрылабыз"

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөн сынакта бир топ эреже бузуулар болду". Мындай пикирин сынакка катышкан орусиялык "Маалыматтык коопсуздук системасы" компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин билдирди.

Анын айтымында, конкурстун 3-турунда эң аз сумма сунуштаганы үчүн аларга кошумча убакыт берилиши керек эле.

"Сынак өткөрүү эрежелеринде "конкурстун экинчи жана үчүнчү турунда эң аз сумма сунуштаган компанияларга кошумча убакыт берилет" деп жазылган. "Вега" компаниясы экинчи турда эң аз сумма сунуштаганы үчүн аларга кошумча убакыт берилди. Үчүнчү турда эң аз сумма сунуштаган биздин компанияга болсо кошумча убакыт берилген жок. Жыйынтыгында кошумча убакытка ээ болгон "Вега" компаниясы сунуштаган суммасын кыскартып, жеңүүчү аталды.

Андан сырткары эрежеде сынакка керектелүүчү документтердин түп нускасын алып келүү керек экени жазылган. Биз эки чемодан документ алып келдик. "Веганын" өкүлү бир ноутбук менен гана келди. Мындай учурда ал компания сынактан четтетилиши керек эле. Ушул сыяктуу жагдайларды эске алып, биз Кыргыз өлкөсүнүн сотуна кайрылганы турабыз. Эгер сот арызыбызды канааттандырбаса, анда эл аралык сотко чейин барабыз", - деп билдирди Юрий Катютин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан