Күркүрөгөн күз мезгили келип, кафе-ресторандар тойдон бошобой жаткан учуру. Акыркы жылдарда уул үйлөп, кыз берип жаткан үй-бүлө тойго жакшылыктын жарчысы катары жергиликтүү жана чет элдик эстрада ырчыларын чакырууну адатка айлантты.
Өзүнөн-өзү калыптанып калган эрежеге ылайык, үйлөнүү үлпөт тойду ачып, эки жашты эл алдына алып чыгып жүгүнтүп алкоо алуу милдети "Жар-жар" ырын ырдаган ырчыга тапшырылат.
Мындай кызматты аткаргандарды табуу кыйын эмес, болгону колдо акча болуш керек. "Жар-жар" ырын ырдап, баш кошуп жаткан түгөйлөрдү ресторанга киргизүү үчүн ырчы 100 доллардан 1 миң 200 долларга чейин акча алат. Баалар той өлкөнүн кайсы аймагында болуп жаткандыгынан да көз каранды. "Элде болсо, бизде да болот" деген ырчылардан "Жар-жар" ырын ырдаган кызматы үчүн канча акча алышарын өздөрүнөн сурап көрүүнү туура көрдүк.
Адегенде белгилүү ырчы Гүлзат Байзакованы кепке тартык.
"Мен "Жар-жар" ырын 25 жылдан бери ырдап келе жатам. Бул аралыкта көптөгөн жаштардын баш кошуусуна, кубанычына күбө болуп, бактылуу жана өмүр бою эсте кала турган көз ирмемдерин тең бөлүштүм. Көбүнчө Бишкек шаарындагы тойлорго барып ырдап берүү сунушу түшөт. Белгилүү бир баага ырдайм деп айта албайм, анткени кээде акысыз да ырдап калган учурлар болот. Бир күндө 2, жетишсем 3 тойго барып өнөрүмдү тартуулап келем. Кайсы ырчыны чакырып ырдатат, ал той ээсинин өзүнүн каалоосу. Бирок илгери кыргызда "Жар-жар" ырын үй-бүлө күткөн үлгүлүү жеңелер ырдаганын билем", - дейт Байзакова.
Ал эми өлкөнүн түштүгүндө той ээлери тарабынан эң көп чакырылган ырчылардын бири Самара Каримова 1 күндө 3 тойдо "Жар-жар" ырын айтканга жетишет.
"Жар-жар" ырын бул ырчы ырдашы керек, тигил ырчы ырдабашы керек дегенден алысмын. Ар бир той өткөрүп жаткан инсан үй-бүлөсү менен кеңешип көрүп анан тойго ырчыларды чакырат. Мени тойго чакыргандардын саны көп, албетте, убактым болсо чакыруу түшкөн бардык тойлорго барып ырдаганга аракет кылам. "Жар-жар" ырын айтып жүргөнүмө 3 жылдай болуп калды. Баалар той кайда өтүп жатканынан көз каранды. Мисалы, Ош шаарында өзүм эле барып "Жар-жар" ырын ыдасам 400 доллар болот. Ал эми Бишкек шаарына келсем анда 800 доллар, анткени учак менен барып келгеним эсептелинет", - дейт ырчы.
Ал эми ырчы Роза Шакирова "Жар-жар" ырын турмушка чыккан соң гана айта баштаган.
"Жар-жар" айтып жүргөнүмө 10 жылдай болуп калыптыр. Алгач эстрада ырчысы Назми менен чогуу айтып чыккам. Менин оюмча, бул ырды үй-бүлө күткөн, балалуу-чакалуу жеңелер айтканы туура. Бир күндө бир эле тойго барам", - дейт ырчы айым.
"Жар-жар" ырын тойго барып аткарып бергени үчүн ырчылар орто эсеп менен 300-400 доллардын тегерегине жакын акча алышат. Сумманын көлөмү той кайсы аймакта өтүп жаткандыгынан көз каранды. Той өткөргөн адамдардын айтымында, Айгерим Расул кызы "Жар-жар" ырын жана ага кошумча дагы 4 ыр ырдаганын 500-600 долларга баалайт. Ал эми ырчы Анжелика региондорго барып "Жар-жар" ырын ырдаганы үчүн 1 миң 200 доллар сураган учурлары да болгон. Мындан сырткары эстрада ырчылары Неля, Айнура Салахидинова, Айпери Кубик кызы, Кенже Дүйшеева "Жар-жар" ырын ырдашат. Ырчы айымдардын айтымына караганда, алар белгиленген бир баага ырдашпайт, кырдаалга жараша кызмат баасы ар кандай болот.
Салт таануучу Садыркул Өмүрбаевдин айтымында, кыргыздын салты боюнча "Жар-жар" ырын эркек төкмө акындар айтышат.
"Байыртан эле элибизде кандай гана той болбосун жарчы катары төкмө акындарды чакырышкан. Төкмөлөр жар салып, өзүнүн нускалуу кептерин ырга салып төгүшкөн. Анда деле той ээлери төкмөлөрдүн астына ат тартып, үстүнө чапан жаап ыраазычылыктарын билдиришкен. Ал эми жеңелери болсо кызды узатып жатканда кошок кошуп узатышкан. Мезгилдин өтүшү менен жубайлардын жеңелери "Жар-жар" ырын ырдашып үйлөнүп жаткан жаштарды эл алдына алып чыга баштаган. Негизинен эл ичинде ырым кармап үлгүлүү, бала-чакалуу келинди "Жар-жар" айттырышкан. Кыргызда мындай нерселерге кылдат мамиле кылып ажырашып кеткен же үй-бүлө кура элек кыздарга эч качан "Жар-жар" ырын ырдатышкан эмес", - дейт Өмүрбаев.
Азыркы тапта жаш курагына, үй-бүлөлүк абалына карабай эле ырчылардын "Жар-жар" ырын аткаруусуна Садыркул Өмүрбаев сын көз карашта.
"Азыркы тапта "Жар-жар" ырын күйөөгө тие элеги деле, ажырашканы деле ырдап жатат, бул туура эмес. Ырчынын популярдуулугуна же анын алган акчасына карап "Жар-жар" айтууга чакыруу - чоң жаңылыштык. Бул ыр менен ырчы жөн гана жаштарды эл алдына алып кирбестен алардан бата, алкоо сурайт. Ар бир ырчы бул жөн гана ыр эмес экендигин, ушул эки жаштын келечектеги турмушуна анын дагы кандайдыр бир салымы бар экенин түшүнүүсү керек. Жогоруда айтып өткөн талаптарга жооп берген ырчы айымдар гана бул ырды аткарса жакшы болот деген ойдомун. Кыргызда бекеринен бул ырымды кармабаса керек", - дейт салт таануучу.