Бүгүн, 5-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата III эл аралык Ысык-Көл форуму өтүп жатат. Форум "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" деп аталат.
Ага 25 өлкөдөн 150 ашык конок чакырылып, сөз сүйлөшүүдө. Ошондой эле форум өтүп жаткан залга жазуучунун архивдик сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду.
Президент Сооронбай Жээнбеков анда сүйлөгөн сөзүндө Чыңгыз Айтматов демилгелеген Ысык-Көл форуму дүйнөлүк аренада түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаӊычыл жооп сунуштаганын айтты.
"Форумда маселени чечүү жолдору - экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аӊ сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган. Адамзатты глобалдык капсалаңдан сактап калуу үчүн ар кайсы маданиятка таандык болгон, түрдүү диний ишенимди тутунган, башка дүйнө таанымды алып жүргөн инсандар жаңыча ой-жүгүртүүсү зарыл экенин далилдеген. Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаӊычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап каларын тастыктаган.
Кийин Айтматов өзү жазгандай, биринчи Ысык-Көл форумун өткөрүү орду - Борбордук Азия - глобалдуу проблемаларды талкуулоого абдан ылайыктуу мейкиндик деп табылган.
Анткени бул регион - ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм. Тарыхтын ар кайсы мезгилинде, Борбордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылган. Бул аймак фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон.
Борбор Азиянын байыркы салтын улап, Кыргыз жергесинде өткөн I Ысык-Көл форуму - тарыхты, учурду жана келечекти түшүнүүнү жаӊы деӊгээлге чыгарды десек болот.
Ошондо жаӊы планетардык ойлонууга өбөлгө болгон кереметтүү жерибиздин ушул касиети бүгүн дагы бир жолу жанданат деп ишенем", - деп айтты Жээнбеков.