Кечээ, 4-октябрда "Коопсуз шаар" боюнча өткөн сынакка катышкан "Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен "Веганын" аталган долбоорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок экенин билдирген.
Бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков журналисттерге арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия “Маалыматтык системдердин коопсуздугу” компаниясынын даттануусун негиздүү деп тапканын айтты.
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз катчысы Зирек Асановага кайрылганыбызда, ал SUPER.KG порталына комиссиянын жыйынтыгы учурда аталган комитет тарабынан каралып жатканын, 3 жумушчу күндүн ичинде чечим чыгарын билдирди.
"Маалыматтык системдердин коопсуздугу" компаниясынын даттануусун караган мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы учурда каралып жатат. 3 жумушчу күндүн ичинде жыйынтык каралып чечим чыгат.
Сынактын шарттары боюнча биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштап, орусиялык "Вега" радиоуктуруу концерни" компаниясы жеңүүчү деп табылганы боюнча ачык маалыматтар айтылган. Бирок "Вега" менен расмий келишим түзүлө элек. Учурдагы жаңы жагдайларга байланыштуу мекемелер аралык комиссиянын чыгарган жыйынтыгын изилдеп көргөндөн кийин гана кандай чечим чыгары белгилүү болот", - деди Асанова.
Белгилей кетсек, аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 24-августта өткөрүлгөн сынак үзгүлтүккө учурап, 4-сентябрда кайрадан сынак уюштурулган. Сынактан орусиялык "Вега" компаниясы утуп чыккан.