"Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым" деген Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты.
Мирлан Жолдошевдин айтымында, Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштеп турганда ал Ош шаарындагы үйүн жана "Улан" деп аталган ашканасын алдырып жиберген. Буга байланыштуу Кадыралиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот 4 жарым жылдан бери созулуп, бир жыйынтык чыкпай келет.
Маалыматта белгиленгендей, учурда бул ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап жатат. Соттук отурум чечим чыгарууга жакын калганда жылдырылып жатканынан улам Жолдошев соттук ишти аяктоону тездетүү талабы менен президентке үнүм жетсе деп аракет кылып жатканын билдирген.