Орусиялык футболчулар Александр Кокорин ("Зенит") жана Павел Мамаев ("Краснодар") Москва шаарындагы кафелердин биринде аткаминерди ур-токмокко алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгууда.
Ага ылайык, кечээ, 8-октябрда Москва шаарындагы кафелердин биринде футболчулар Кокорин, Мамаев жана достору Орусиянын өнөр жай жана соода сатуу министрлигиндеги чиновник Денис Пакты ур-токмокко алышты. Футболчулар полиция келгенге чейин кетип калышкан.
Денис Пак арыз жазып кайрылганда полиция "уруп-сабоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми анын жактоочусу "бейбаштык" беренесин оорураак беренеге өзгөртүүнү көздөп жатат. Орусиянын Кылмыш-жаза кодекси боюнча "уруп-сабоо" менен айыпталгандар 2 жылга чейин эркинен ажыратылат. "Бейбаштык" беренесинде 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Буга чейин аты аталган футболчулар достору менен "НАМИ" мекемесинин башкы директору Сергей Гайсинди жана "Биринчи канал" телеканалынын алып баруучусу Ольга Ушакованын айдоочусу Виталий Соловчукту сабап коюшкан.
Азыркы тапта "Зенит" жана "Краснодар" футболдук клубдары футболчулар менен келишимди бузууну көздөп жатышат. Ал эми Орусиянын спорт министри Павел Колобковдун айтымында, Кокорин менен Мамаев мындан кийин Орусиянын курама командасында ойной албай турганын айтты.