Бүгүн психикалык ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргыз өлкөсүндө болгону 145 психиатр бар

Кыргыз өлкөсүндө болгону 145 психиатр бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаилов билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө психикалык жактан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүп, аларды дарылаган адистердин саны жетишсиз.

"Өлкө боюнча психикалык жактан жабыр тарткан 53 миң адам каттоодо турган болсо, аларга болгону 145 адис туура келет, алардын ичинен 6 балдар психиатры бар", - дейт Исмаилов.

Ошондой эле психикалык жактан жабыр тарткан адамдардын саны расмий каттоодо тургандардан да көп экендигин кошумчалап өттү.

Айта кетсек, бүгүн, 10-октябрь - Психикалык ден соолуктун бүткүл дүйнөлүк күнү. Психикалык ден соолук күнү БУУ тарабынан белгиленүүчү эл аралык саамалыктардын катарына кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча планетада психикалык оору менен жабыркаган 450 миллиондон ашуун адам жашап келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты - жогорудагы ооруга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан