КҮНСЕРЕП: Лунара Мамытованын диппаспорту элге эрмек, бийликке "керек" болду

Бүгүн, 10-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандыра элек.

Бул мекеменин жетекчилигине карата сындар министрдин орун басары Зууракан Каденова Сеулда учакта чыр салгандан улам башталып, андан ары министр жана анын орун басарларынын кызматтык сапарларын козгогон.

Элдин көӊүлүн “чиновник пенсионерлер пенсияга саякаттаса болот деп ойлойт”, “министр дипломатиялык паспортту мыйзамсыз колдонуптур” деген темаларга буруу менен маанилүү, олутуу иштер үчүн бийликтен жооп талап кылуу, коомдук көзөмөл жүргүзүү иштеринен алаксытуу жүрүп жаткандай. Бийликке келгенине жарым жылдай убакытта жыйынтык көрсөтө алган Армения башчысы Пашинянды биздеги жарандык коом түгүл, парламент депутаттары чыныгы реформа жасоого жөндөмдүү бийликтин үлгүсү катары кайра-кайра мисал кылып жатышат. Өзбекстанда, Арменияда бийликке келген топ саналуу айларда элге сезилээрлик иштерди жасоого үлгүрдү. Жакында президент Жээнбековдун кызматка киришкенине 1 жыл толот. Президентке, анын сунушу менен шайланган премьерге, Ак Үйдүн айтканын кыӊк этпей аткарууга өтүп бараткан парламентке элде бере турган суроо көп. Өлкө башчысы президенттик ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири коррупция менен күрөшүү болорун жарыялаган. Ошол коррупцияны жаратуучу жолдорду бууй турган "Таза коом" долбоорунун жүзөгө ашырылары күмөн жаратып турган кези. Өкмөт ал масштабдуу долбоордун бир кичинекей бөлүгүн, “Коопсуз шаарды” курарына коомчулук ишене албай турган маал.

Бажы тармагындагы коррупция көп жолу маселе катары көтөрүлүп, ЖМКларда иликтөөлөр жасалып, парламентте талкууланып, конкреттүү адамдардын ысымдары аталып келет. 2017-жылдын соӊунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Кубанычбек Кулматов дайындалып, ал 1,5 айда Борбордук бажынын кирешеси 2 эсе, “Ош” бажысынын кирешеси 10 эсе өскөнүн жарыялаган. Бул өсүш Султан Мамасадыков борбордук бажынын төрагалыгынан, эл оозунда “Ош” бажысынын көмүскө кожоюну аталып жүргөн Райым Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан кеткен учурга туура келди. Кулматов айтып чыккан цифраларга таянсак, “Ош” бажысында күнүнө 13 миллион сом, борбордук бажыда күнүнө 30 миллион казынага түшпөй жүргөн болуп чыгат. Эл адилеттүү териштирүүнү, бажыдагы миллиондор кимдин чөнтөгүнө түшүп жүргөнү ачыкталышын, казынадан кыйгап кеткен акчалардын кайтарылышын күтүп жаткан. Андай болгон жок. Ал эми “Райым миллион” атыккан Райым Матраимовго прокуратура, УКМК, Финпол кызыкканын көрсөтө элек.

Жакында Түштүк Кореядагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан ТИМ системиндеги коррупция жыттанган олуттуу кемчиликтер тууралуу айтып, президентке мындай маалыматтарды бир нече ай бою жеткире албаганын билдирди. Элчинин териштирүү адилеттүү жүрүшү үчүн президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевди жана өзүн кызматтан четтете туруу өтүнүчүнө реакция боло элек. Шайлоо алдында 35 коррупционерди билем деген президент 1 жылдан бери алар кимдер экенин ачыктай элек. Ушул өӊдүү көптөгөн суроолордун жообун талап кылышы керек болгон коом 2 аптадан бери бир министрликтеги дипломатиялык паспорт менен чет өлкөгө учуу окуясын талкуулап бүтпөй жатат. Бул окуяда “келечекти ушулар курат” деп ишенген эки жаш кадр бирин-бири талаадан сүрүп чыгарууга аракет кылганы кейите турган көрүнүш. Бийликке болсо элдин жыйынтык талап кылганына караганда “паспорт” өңдүү жеңил ишти талкуулап алаксый турганы оң өңдөнөт...

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” долбооруна байланыштуу Даттанууларды кароо боюнча комиссиянын чечиминен улам райондор аралык сотко доо арызы менен кайрылды. Мамлекеттик комитеттин пикиринде тендердик комиссиянын чечими бейтарап, тең салмактуу жана адилеттүү. Даттанууларды кароо боюнча комиссия Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу экенин эске алсак, анда сот эки мамлекеттик мекеменин ортосундагы кызыкчылыктар кагылышын териштириши керек болот.

Жакында “Коопсуз шаар” боюнча өткөн сынакта “Вега” радио куруу концерни” компаниясы жеңишке жеткен. “Вега" компаниясы биринчи лот боюнча 1 миллиард 125 миллион сом сунуштаса, экинчи лот боюнча 1 миллиард 195 миллион сом сунуштаган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сынактын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрүп, жолдордо коопсуздукту камсыздоо жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу маселеси өкмөттүн ишмердигиндеги башкы артыкчылыктардын бири деген.

Орусиялык “Вега” компаниясына атаандаш болуп чыккан “Маалыматтык системдер коопсуздугу” компаниясы “Вега” радио куруу концернинин” мындай долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы жоктугун айтып Даттануулар боюнча комиссияга кайрылган. Бул арызды аталган комиссия негиздүү деп таап, сынактык комиссиянын чечимин жокко чыгарган.

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бул долбоорду ишке ашырууда кандай тоскоолдуктар болуп жатканын саясатчылар ар кандайча жоруйт. SUPER.KG порталынын Күнсоболуна жооп берген сынактык комиссиянын мүчөсү Улугбек Ормонов “Коопсуз шаардын” ишке ашарына көзү жетпей калганын, ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков премьер-министр бул долбоорду ишке ашырбаса, кызматтан кетиши керектигин, саясат таануучу Даниел Кадырбеков өкмөттө мындай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы жок кадрлар отурат деген пикирлерин билдиришти. Жарандык активист Адил Турдукулов “Коопсуз шаар" долбоору өкмөттөгү топтордун өз кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн ишке ашпай келет деген ойдо.

Кыргыз өкмөтү багы ачылбаган “Коопсуз шаар” долбоорун алты жылдан бери ишке ашыра албай жатат. Андан бери 7 өкмөт башчы алмашты. Ар бир премьер-министр кызматка киришип жатып бул долбоорду ишке ашырабыз деген убада берет. Бирок жыйынтык чыкпай келет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан