Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин V съезди өтүүдө

Бүгүн, 11-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин, билим берүү кызматкерлеринин V съезди өтүп жатат. Съезд эки күнгө созулуп, анын катышуучулары билим берүү системиндеги көйгөйлөрдү талкуулап, аны өнүктүрүү үчүн өз сунуштарын айтышмакчы.

Съездин ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өз сөзүндө дүйнө жана анын ичинде Кыргыз өлкөсү дагы билим берүү тармагын реформалоонун жолдорун издеп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мезгил агымы билим берүү тармагында жаңы талаптарды коюуда.

"Советтик билим берүү системи коомдун ошол кездеги керектөөчүлөрүнө жараша болчу жана экономикалык, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун талаптарына жооп берген. Биз баарыбыз бирге дүйнөдөгү атаандаштыкка толук туруштук берген билим берүү системинин өкүлдөрү болчубуз. Андан бери көп нерселер өзгөрдү. Бир жагынан саясий процесстердин таасири алдында жалпы билим берүү мейкиндигибиз да бүлүндү. Экинчи жагынан биздин турмушубузга рынок мамилелери сүңгүп кирип, эмгек рыногу өзгөрдү. Биздин коомдогу жаңы турмуш жаңы билим берүү системин талап кылды.

Биз, КМШ өлкөлөрү дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгүн түзөбүз деп ойлойм. Бирок мезгил агымы жаңы талаптарды коюуда. Бул талаптар КМШга кирген бардык өлкөлөргө тиешелүү деп ойлойм. Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделин издеп жатат. Билим берүү жана илим системин реформалап жатышат. Биз да билим берүүнү реформалоонун жолдорун издеп жатабыз", - деди президент Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан