11-октябрь күнү төрөлгөндөр айланасында ар дайым тынчтык болуусун каалашат. Жагымдуу, көпчүлүк менен биргелешип иштөөдөн, жамааттын жүгүн көтөрүп, милдетин моюнуна алуудан коркушпайт.
Түшүнүктүү келип, атаандаштарын да достошууга аргасыз кылат. Анткен менен аларды алсыз деп айтууга болбойт. Себеби бул күнү төрөлгөндөр ачуулуу абалда өзүн токтото билген чыдамдуу жана сабырдуу болушат.
Күчтүү фантазиясы коомдо маанилүү орунду ээлөөгө түртөт. Аларды көбүнчө психолог жана кеңешчи катары баалашат.
Бул күнү төрөлгөндөр карьерасын татаал чөйрөдө куруп, жеңил-желпи тамак таап жегенге кызыкпайт. Эгерде карьерасында келечектүү жаңы мүмкүнчүлүктү көрсө, ал үчүн жашоосундагы айрым маанилүү нерселерден баш тартуусу мүмкүн.
Сулуу, туруктуу жана максаттуу адамдар менен үй-бүлө курушат.