Астротөлгө: 12-сентябрь күнү төрөлгөндөр аракетчил болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

12-сентябрь күнү төрөлгөндөр өзгөчө ойлоо жөндөмдүүлүгү менен айырмалана алышат. Тартиптүү, ыймандуу жана боорукер келип, эч качан чыккынчыларды кечирбейт. Эгер аны капа кылып алгандар болсо, өч алуудан кайра тартпайт. Алар узак убакытка созулчу мамилени тандашат, бир күндүктү – эч качан. Ошондой эле алардын түгөйүнө болгон суроо-талабы эң жогору. Татыктуулар гана калат дегендей.

Бул күнү жарыкка келгендер айланасындагылардын ар бир эмгегин баалап гана тим болбостон, өзү да талыкпай эмгектенип, аракетчил жана сарамжалдуу келишет. Убадага бекем туруп, жүктөлгөн милдетти өтөөгө чын дилден берилип, башкалардан да ушуларды талап кыла алат. Жакындары аларды "сөзү менен эмес, иши менен көрсөтөт" деп мактана айта алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан