Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат

Багам аралдарында өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президентинин кеңешчиси Абай Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, 17-21-октябрь аралыгында Нассау шаарында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу катышат.

Май айында Ливандын Бейрут шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Эрлан Шеров менен Кубанычбек Айбек уулу алтын медалдарды тагынышкан. 3-октябрда Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы бул жетишкендиктери үчүн спортчуларга 300 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан