"Кызым, ар бир күнүм ый менен өтүп жатат, бизге кайтып кел" дейт 2 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Токтогулованын апасы

16 жаштагы Айжамал Токтогуловага жакындары издөө жарыялайт. Ал ушул жылдын 18-августунда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин апасы Адиля Өмүркулова SUPER.KG порталына билдирди.

Апасынын айтымында, ошол күнү ал үйдөн чыкканда үстүнө күрөң түстөгү кардиган, бутуна ак түстөгү спорттук бут кийим кийип кеткен.

"Кызым - абдан токтоо, боорукер, ишенчээк жан. Буга чейин башка өспүрүм кыздардай болуп телефонго азгырылып, интернетте көпкө отурганын көргөн эмесмин. Мындан улам аны издөөдө бергенге да сүрөт таппай жатам.

Буга чейин июнь айында да кызым мектепке кетип, кайтып келген эмес эле. Коомчулуктан жардам сурап кайрылып, аны көргөндөрдүн жардамы менен кызым Бишкек шаарынан курбусу менен чогуу табылган.

Эми да курбуларынын үйүнө кеткен деген ишенич менен милицияга кайрылуудан карманып турам. Эне үчүн анын амандыгын тилеп, ар кандай ойлор менен күрөшүп күн өткөрүүдөн өткөн оор нерсе жок экен.

Кызым, эгер окуп жаткан болсоң, үйгө кайтып кел. Биз сени чыдамсыздык менен күтөбүз, кандай жагдай болсо да колдоого даярбыз. Ар бир күнүм ый менен өтүп жатат", - деди Өмүркулова.

Ошондой эле ал кызы Айжамал токтоо, бир мүнөз, ачылып көп сүйлөбөгөн адам экенин белгиледи.

"Муну окуган адамдар кызымды тартипсиз деп ойлоп калышы мүмкүн. Чынында кызым андай эмес, абдан токтоо жан. Бирок мен анын кайсы бир жагдайды айта албай кыйналып жүргөнүн, ичинде бир сыр бар экенин сезем. Анткени менен ал ачык сүйлөбөйт, кызымды бардык маселеде түшүнүүгө даярмын, болгону аман табылса деген тилек", - дейт ал.

Айжамал Токтогулованы көргөн-билгендер болсо, Адиля Өмүркулованын номерине байланышып коюуну өтүнөт: 0555 18 68 81, атасынын номери 0708 67 37 57.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alia82
2018-10-12 18:18:50
Эсен аман табылып апасынын жанына барып суйундурсо экен
+8
ekaterinburg
2018-10-12 18:20:00
Табылып калса экен ылайым!Балдарга убагында конул бурсак жакшы болоор эле.Мынантип жоголуп кеткенде"бир сыр бар экенин сезем"дебей.
+1
adi_ko.kg
2018-10-12 18:49:25
табылып калат буйруса кызыңыз
+1
JaneEr
2018-10-12 18:53:03
Кайра кайра неге жоголот бул кыз?
+5
Jigitchem
2018-10-12 19:12:51
Кул кыз кийин куйоого кантип тиет яя
+3
Fanatic
2018-10-12 21:16:44
Аллах озун жардам берип аман эсен табылып калсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан