Бишкек-Ош унаа жолунун Арал айылындагы постто оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу жана чиркегичи бар унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Учурда айдоочуларга унаанын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Биздин кызматкерлер тарабынан айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты жана ылдамдыкты сактоо керектиги эскертилүүдө. Ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанына чынжыр алып жүрүү сунушталууда. Айдоочулар жол жүрүүдө кандайдыр бир көйгөйгө туш болсо Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жардамга келүүгө даяр", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан