“Мурдагы президент өз ыйгарым укуктарына алымсынбай, аткаруу бийлигинин укуктарын колуна алып иштегендектен Баш мыйзам сыртта калып калды”, - деген пикирин коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бүгүн, 17-октябрда "Президенттик шайлоонун жылдыгы: Кыргыз өлкөсү саясий тил табышууну жана биригүүнү издөө жолунда" аттуу тегерек столдо айтты.
Ал бүгүнкү президенттин тарыхый милдети Конституцияда жазылгандай, парламенттик-президенттик башкаруу формасын калыптандыруу экендигин баса белгиледи.
"Президенттин негизги милдети - парламенттик-президенттик мамлекетти жаратуу. Биз 2010-жылы парламенттик башкаруу моделине өткөнбүз, иш жүзүндө андай болгон жок. Мурдагы президент өз ыйгарым укуктарына алымсынбай, аткаруу бийлигинин укуктарын колуна алып иштегендиктен Баш мыйзам сыртта калып калды. Мына ушунун кесепетинен ушундай абал калыптанды. Чет өлкөдөгү ар кандай иш-чараларга катышуу премьер-министрге жол берсе, социалдык-экономикалык маселелерге кийлигишпесе, анда премьер-министр негизги күч өзүндө экенин сезип, баарына жоопкерчиликтүү карап кылчайбастан иштеп кетмек", - деген пикирде Кадырбеков.
"Бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбеков ушундай тарыхый милдетти Конституцияда жазылгандай реалдуу турмушта бекитип кетсе эң жакшы болмок. Бирок президент мурдагы өкмөт башчы, парламенттин экс-спикерлери менен жолугушам деп жатат. Бул баягы Совет өкмөтүнүн учурундагыдай эле "актив менен жолугам" дегендей эле. Эгер чын эле алар менен акылдаша турган болсо, жалпы журтка жар салбай эле, эксперттер катары аларды колдонуп кетсе болот. Азыркы Баш мыйзам боюнча парламентке атаандаш боло турган бир гана күч бар – ал президент. Эгер ал Кыргыз өлкөсүнө пайдалуу мыйзамдарга кол коюп турса, аналитикалык күчү мыкты болсо, анда өзүнүн тарыхый милдетин так аткармак", - деди коомдук ишмер.