Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат. Анын жүрүшүндө 24-ноябрь күнү президенттин кортежин коштоп жүргөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын атайын ротасынын командири Руслан Кармышов көрсөтмө берди. "Кортеж түндүктү карай Москва көчөсү менен бара жатканда мени атайын кызматтын кызматкери токтотуп, бир кызды угуп коюумду өтүндү. Ал ИИМдин академиясынын курсанты экен. Ал жип унаасы токтоп, бир адам ага кайрылса карабагандыгын, ал чоң кыз деп 3 жолу кайрылгандан кийин гана ага бурулганда саат 11:00дө бомба жарылат деп айтканын билдирди. Ал кыздын айтуусуна караганда, ага бомба тууралуу айткан адам андан 3-4 метр аралыкта турган. Ал ошондой эле сөздү шашпастан түшүнүктүү айтканын да билдирди", - деди Кармышов.
Андан сырткары бомба тууралуу маалымат айтылган учурда жакын жерде курчоодо турган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Азамат Исаков да көрсөтмө берип, ал да алыстан кара жип унаасын көргөнүн, ал кеткенден кийин бомба бар экен деп чуу түшүп калышканын айтты.
Айта кетсек кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.