Зилалиевдин соту 10-сентябрга жылдырылды. Соттук отурумга ИИМ академиясынын курсант кызы чакырылды

Бүгүн, 24-августта Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралды.

Сот Эмил Каипов соттук отурумду 10-сентябрга жылдыруу чечимин кабыл алды. Сот кийинки отурумга ИИМ академиясынын курсант кызы Самара Өмүракунова катышуусу керектин айтты.

Буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanat.tls
2018-08-24 11:02:18
Ушуну камап эле салсын. Түрмөдө тамаша айтышып жүрө берсин!
+2
Kanat.tls
2018-08-24 11:03:16
Башка бироо болсо качан эле түрмөнүн төрүндө жатмак. Кошумча статьялар кошулуп
+1
Kanat.tls
2018-08-24 11:04:54
Соттордун ишин ушундан билсен
болот.
+1
monster_high_98
2018-08-24 16:31:20
Биринчиии эскертуу бергем формасына деп алып,кайра эмне комплимент айткам деп жанын жеп жатат!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан