Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейддин алкагында жолду туура эмес кесип өткөн 93 жөө жүрүүчүгө айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.
Чүй облусунда 16-октябрдан 22-октябрга чейин жүргүзүлгөн "Жөө жүргүнчү" рейдинин алкагында жолдон туура эмес өткөн адамдар жана аларды жолдон өткөрбөй койгон айдоочуларды аныктоо иш-аракеттери жүргүзүлдү.
"Акыркы учурда жөө жүрүүчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын саны өстү. Аны алдын алуу максатында өткөрүлгөн рейддин алкагында жөө жүрүүчүлөргө жана айдоочуларга жолдо жүрүүдөгү эрежелерди сактоого чакырдык. Жалпы санынан жол эрежесин бузган 93 жөө жүрүүчү жоопко тартылып, аларга айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.