Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт бланктарына 1 миллиард 200 миң сом сарптайт. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү паспорт бланктарына коротулуучу жалпы сумма 1 миллиард 263 миллион 800 миң сомду түзөт. Сатып алуучу орган катары өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына чейин жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор берилет. Жаңы паспортторго жарандардын персоналдык маалыматтары камтылган чип орнотулуп, 40 коргоочу элементтерден турат. Ошондой эле виза үчүн барактардын санын 50гө чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болот.