ИИМ: "9 ай ичинде миграциялык мыйзамды бузган 4 миңге жакын чет өлкөлүк жаранга 35 миллион сом айып салынды"

9 ай ичинде миграциялык мыйзамды бузган 4 миңге жакын чет өлкөлүк жаранга 35 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"2018-жылдын тогуз айында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 380 миң 771 чет өлкөлүк жаран катталган.

Өлкөнүн миграция тууралуу мыйзамын бузганы үчүн 340 чет өлкөнүн жараны өлкөдөн чыгарылган. Мындан сырткары өлкөдө жүрүү жана транзит аркылуу өтүү эрежелерин бузган 3 миң 636 жаранга жалпы суммасы 34 миллион 900 миң сомго барабар болгон айып пул салынган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан мезгил-мезгили менен чет өлкөдөн келген жарандарга миграциялык мыйзамдарды түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek.Svoboda.
2018-10-23 19:21:47
Акча кана анда?!
+1
Take_men
2018-10-23 20:10:31
Ошол 35 миллиондун 30 миллионун төлөгөндөр дагы эле байкуш Россиянын паспортун алган кыргыздар. Эмне үчүн кыргыз болуп туруп 10 миң сом төлөшү керек. Россияга 5 жылга депорт болгон дагы кыргыздар бар. Россияда бул штраф 2 миң рубль. Бизде 10 миң сом. Бул штраф жөн эле чиновниктердин саан уйу
+2
bond02
2018-10-23 20:15:09
Койчу э.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан