Бишкек шаарында бүгүн, 1-ноябрда эртең менен үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен Лексус унаасынын айдоочусу кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
"Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен Лексус унаасынын айдоочусун издөө иштери улантылууда. Азырынча издөө иштери натыйжа бере элек", - деп маалымдашты башкармалыктан.
Белгилүү болгондой, Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзгөн. Жол кырсыгы эртең мененки саат 10:20 чамасында Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Жол кырсыгына катышкан 3 унаа тең шаардык милициянын атайын унаа токтотуучу жайына токтотулду. Жол кырсыгынан 3 айдоочу жана унаалардын 3 жүргүнчүсү жаракат алган эмес.