Сот Шадиевге карата сырттан 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечимин чыгарды, мүлктөрү мамлекетке өткөрүлөт

Быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча сот чечим кабыл алды. Шадиевге карата 10 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечими чыкты. Андан сырткары мүлктөрү мамлекеттин эсебине өткөрүлөт. Чечим сырттан окулду.

Отурум бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда уланды. Шадиевдин жактоочусу жогорку инстанцияга 10 күндүн ичинде кайрылса болот.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Шадиевдин иши боюнча жүйөлөрдү келтирип, аны 11 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Отурумда Шадиев Тажикстандын Хожент шаарына Лейлек району аркылуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүп АКШга дипломатиялык паспортун колдонуу менен учуп кеткени айтылды.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
TalaCSKA
2018-12-25 19:42:38
Туштон кийин хоть 100 жылга соттогула пайдасы жок
+4
Bahabrat79
2018-12-25 21:11:21
TalaCSKA,мүлкү өтүп жатпайбы за то. Аны кармаганда не пайда.
+2
Nurdinur
2018-12-25 19:48:31
Мулку калыптырбы озу?
+3
Nursbaike
2018-12-26 08:14:54
Главный мал мулкуу у у
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-12-26 08:38:21
Жакында ал да олуп, анан башка адам болуп келет тан калыштын кереги жок.
+2
Tolkun555
2018-12-26 09:51:02
Коррупция менен кармалгандардын бардык мал мүлкүн алып,жегенине жараша дагы айып пул салып коё бериш керек.аны дагы мамлекеттин эсебинен багып отурбай.чыгып иштеп карызын төлөш керек.же кытайга окшоп сразу атып жок кылыш керек
+1
barsbegKG
2018-12-26 10:22:41
Алып келип отургузуш керек. Башкаларга сабак болуш үчүн. Биздин президенттен көз каранды баары. АКШнан сурап болсо да алып келип отургузуш керек.
+1
Jaznura
2018-12-26 11:45:40
Шадиевдин келишине да аз калды. Сабыр кылып тургула
+2
Erik2018
2018-12-26 11:51:31
Шадиев дагы камала турган күн бардыр. Анткени мунун шиши толду.
+1
Skarlett-Skarlett
2018-12-26 12:48:28
Элдин каргышына калган онбойт го дейм...Оз башы менен кетсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан