Коргоо кеңешинин катчысы: "Аскарбек Шадиев өлкө ичинде"

"Кылмыш кылган аткаминерлер сөзсүз жоопкерчиликке тартылат". Бул тууралуу бүгүн, 31-майда маалымат жыйында Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, коррупция менен күрөшүү өлкө аймагында уламдан-улам күчөтүлөт.
"Биз учурда козголгон иштер аягына чыгарылып, күнөөлүү адамдар сөзсүз жоопкерчиликке тартылат деп ишенимдүү айта алабыз. Күнөөлүү адам жоопкерчиликке тартылбай калбайт", - деди Сагынбаев.

Катчы ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев өлкө аймагында экенин кошумчалады. "Аскарбек Шадиев өлкө ичинде. Эгерде чыгып кеткен болсо, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү боюнча кылмыш иши ачылат. Бирок азыр ага карата акыркы айып угузула элек. Ошондуктан анын ишмердүүлүгү токтотулбайт. Акыркы айып угузулгандан кийин гана анын мүлктөрү мамлекетке өтөт", - деди Сагынбаев.

Айта кетсек, 28-апрелде мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Шадиевге "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деп айып тагылууда. Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Бирок анын жардамчысы Айбек Эрмеков "Аскарбек Шадиев 27-апрель күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Кайсы өлкөгө кеткени жана качан келери тууралуу маалыматым жок, бирок дарылануусу бүткөндөн кийин келет", - деп билдирген. Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов: "Биздин маалыматтар боюнча депутат Аскарбек Шадиев эч жакка чыккан эмес", - деп кабарлаган.

Ушул жылы 9-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров 30 миӊ долларды мыйзамсыз ыйгарып алган деген шек менен кармалган. Сөз болуп жаткан 30 миӊ доллар КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыӊгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгына берилчү акча болгон. Бул акча Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп турганда, анын жазган катынын негизинде парламент бюджетинен бөлүнүп, уурдалып кеткени ачыкка чыккан.

Шадиев 30 миң долларды бөлүү боюнча катка комитет жетекчиси катары билбей туруп кол койгонун айтып келет. Бул окуя боюнча 22-мартта Шадиев, 30-мартта Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга суракка чакырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2018-05-31 12:54:48
"Мен кетип атамын" деп силерге айтып кете беле, кеткиси келсе бир простой машинанын багажына тушуп деле чыгып кетет
+2
Tokmokchu-1
2018-05-31 13:01:10
Дамирбек Сагынбаев деген ким, коопсуздук кенешинде катчыбы же саясий серепчиби акыл айта турган?!!

Экс президентиердин ыйгарым укуктарынын алынып алынбашын референдум чечсин дейт. Миллиондорлу коротуп референдум откоруп отурбай ошол 120 депутат ошол мыйзамды кабыл алып койсо болбойбу?!!

Олкодогу алтын-кумуш кендерин корунгонго сатаарда элден сураьайсынар дагы, эми референдум эсине туштубу, Сагынбаев?!!
0
Tokmokchu-1
2018-05-31 13:05:21
Шадиев олкодо дейсин, олкодо болсо кармабай эмне кылып журосун, айтчы ыя?!!

Ал эми Мырзакматов боюнча кылмыш иши сфабрикованный экенин озу да билесин, олумуш!!! Мырзакматов Кыргызстанда турганда даже кылмыш ишин козгоого духунар жетпеди, эл козголсо эмне болот деп. Ал олкодон чыгып кеткен сон шашылыш кылмыш иши козголуп, шашылыш окум чыгардынар сыртынан, аны кайра Кыргызстанга келбесин дегендей кылып... Эми эмнени дооруп жатасын ошондо сен?!! Сага окшогондордун озун соттош керек!
0
tilek121277
2018-05-31 13:28:57
Tokmokchu-1, туура айтасын
0
kama_future_millioner
2018-05-31 18:21:50
ӨЛкө ичинде болсо анда эмнеге камабайт.
0
a.sheralievic.91
2018-05-31 23:35:34
Ак лейлекте
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан