ЭЛДИК КАБАР: Жүргүнчү Бишкектеги №111-маршруттук каттамдагы таксинин абалына нааразы

Бишкек шаарында коомдук транспорттун үстүнөн унаанын ичине суу тамчылап жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына шаар тургуну билдирди.

Анын айтымында, мындай абалды Аска-Таш-Аламүдүн-1 каттамы менен жүргөн №111-маршруттук таксиден көргөн. Ошондой эле ал №111-маршруттук каттамдагы унаанын саны аз болгондуктан, бүгүн саат 09:00гө чейин 1 гана транспорт каттаганын билдирди.

"Эртең менен шашып жолго чыккам, бирок аны 30 мүнөт күттүм. Муну мен иш күнү эместигине байланыштырып, туура түшүндүм. Бирок элди ташыгандан кийин айдоочу жок дегенде унаасынын абалын карашы керек да. Үстүнөн суу тамчылап, 1-катардагы 2 орундук толугу менен суу болуп, 2-катарында да суу тамчылап жатат. Кийин жолдон унаанын алдыңкы айнегин тазалоочу (дворник) тетиги бузулуп калды. Аны оңдоо үчүн дагы 10 мүнөттөй убакыт короду", - дейт шаар ал.

Ал эми айдоочу унаасынын үстү чирип калганын айтып, катуу жамгыр жааган учурда ушинтип суу тамчылап каларын айткан.

Окурман мындай абалдагы унаалар жалгыз эле ушул эмес экенин айтып, айдоочуларды кыш-күз мезгилдерине карата аларды оңдоп, иретке келтирүүгө чакырды.

Бул кабарга алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Үстүнөн суу тамчылаган коомдук транспорт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan.bujun
2018-11-08 18:12:38
Эмне кылсын жол кире 10 сом,куйуучу май 47 сом.Бирине жетсе бирине жетпейт. Жол кирени жок дегенде 15 сом кылып коюш керек.Маршурткалар абдан азайып кетип атат.
-2
bazar
2018-11-08 19:19:11
Жолгирени он беш эмес жыйырма сом кылып койсоң да ошол айдоочу жаңы акыркы үлгүдөгү бус унаасын сатып алаарына күмөн бар. Бул ишти атайын эле мэрия өтөөсүнө чыкпаса...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан