Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандарынын атаандаштары белгилүү болду

Бүгүн, 12-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу старт алат. Анда мелдештин алгачкы күнү 5 салмак ченинде беттештер өтөт.

Кыргыз өлкөсүнөн бул күнү 4 балбан медалдар үчүн күч сынашат. Килем үстүнө Балбай Дордоков, Тынар Шаршенбеков, Ринат Ильяз уулу жана Калидин Асыкеев чыгат.

Айта кетсек, кыргыз балбандар машыктыруучу Арсен Эралиевдин баштоосунда катышып жатат.

Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Балбай Дордоков - Реза Хедри (Иран);

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Тынар Шаршенбеков - Александру Бичиу (Молдова);

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ринат Ильяз уулу - Марек Никлас (Польша);

87 килограммга чейинки салмак ченинде:

Калидин Асыкеев - Мартинас Немцевичус (Литва).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан