ЭЛДИК КАБАР: "Балыкчыда жол куруучуларга 4 айдан бери айлык берилбей, алар иш ташташты" дейт окурман

Балыкчы шаарындагы курулуп жаткан жолдо иштегендердин айлыгы берилбей жаткандыгына байланыштуу жумушчулар иш ташташты. Мындай маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" окурман билдирди.

"Иштеп жаткан киши жок, биз менен өкмөттүн иши жок. Бир убактагы кереметтүү Балыкчы шаарыбыз чаң баскан калаа, шамал ойногон талаа болду. Жол куруп жаткан жумушчуларга айлык акы берилбей жатканына 4 айдын жүзү болду. Ал эми жумушчулардын иш таштаганына 15 күндөй болду. Бул жол ички курулуш болгону менен, ал Балыкчы-Корумду жолунун уландысы. Мындан улам жашоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатат", - дейт окурман.

Бул кабарга алынган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2018-11-12 16:20:20
Эми айлык берилбей жатса орто жолдон чондор жеп койсо керек. Муну териштирип чыкпаса болбойт.
0
bekmirzach
2018-11-12 16:43:04
Жумушчулардын айлык акысынын кармалып жатышына себепкер атка минерлерди дыкат текшерип кызматтан алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан