Депутат Масалиев былтыр президенттик шайлоо учурунда ар бир жаранга кат жөнөткөн талапкер даректерди кайдан алганын сурады

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев былтыр президенттик шайлоо учурунда ар бир жаранга кат жөнөткөн талапкер даректерди кайдан алганын сурады. "Президенттик шайлоо алдында бир талапкер жарандардын бардыгына кат жолдоду. Биздин дарегибизди кайдан билди?" - деп сурады депутат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Айнура Туйбаева коммуналдык кызматтарда даректер бар экенин айтты.

Масалиев кийинки жыйында бул маселе боюнча маалымат менен келүүнү сунуштады.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов коммуналдык кызматтарда бардык жарандардын дареги жок экенин айтты. Өмүркулов бул боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин билдирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан