Улуттук банк валюта рыногундагы доллардын курсун түшүрүү үчүн аны сатыкка чыгарды

Кыргыз Республикасынын улуттук банкы ушул айдын эсебинен экинчи жолу долларды сатуу боюнча интервенция жүргүздү. Бул тууралуу маалымат банктын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Улуттук банк 12 миллион 900 миң долларды сатыкка койгон. Ноябрь айынын башынан бери валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 23 миллион 750 миң доллар сарпталган. Көрүлгөн чараларга карабастан доллардын курсу көтөрүлүүдө.

Азыркы тапта акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 69 сом 70 тыйындан сатып алып 69 сом 90 же 95 тыйындан сатууда. Ал эми доллардын Улуттук банктагы курсу 69 сом 85 тыйын.

Айта кетсек, доллардын баасы Кыргыз өлкөсүндө октябрь айынын башынан баштап өсө баштаган. Ал эми ноябрь айынын башында доллардын наркы 1 сомго кымбаттап 70 сомго жакындап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан