Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарында эл аралык мелдештерде Кыргыз желегин желбиреткен спортчуларга Эмгек сиңирген жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери наамдары жана ыйгарылды.
Дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон спортчулар, чет жерде ийгилик жаратып, Кыргыз жергесин дүйнөгө тааныткан спортчулар наамдарга ээ болушту.
Ошондой эле спортчуларды даярдап, аларга көмөк көрсөткөн машыктыруучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучу наамдарына татыды.
Анда Эмгек сиңирген спорт чебери наамын күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү - Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Эламан Догдурбеков, жеңил атлетика боюнча кураманын мүчөсү Дарья Маслова жана жиу-житсу боюнча кураманын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулу алды.
Эл аралык даражадагы спорт чебери наамына күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү татыды. Алар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.
Эмгек сиңирген машыктыруучу наамына дзюдо боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдужалил Юнусов жана ага машыктыруучу Сергей Кладнов, бокс боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын ага машыктыруучусу Сүймөнкул Табылды уулу жана жиу-житсу боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Муртазали Муртазалиев ээ болушту.