"Манас" эл аралык аэропортуна коно турган Москва-Бишкек каттамындагы учак туманга байланыштуу Алматыга учуп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 15-ноябрга караган түнү "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы коюу туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортуна коно албай, Алматы аэропортуна конду.
"15-ноябрга караган түнү коюу туман орун алып, ал эртең менен гана жоюлду. Туман болгону менен аэропорт иштеп жатты. Бирок "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учкучу Алматы аэропортуна конууну чечкен", - дейт маалымат катчы.