Бишкекке Өзбекстандын парламентинин спикери келди

Нурдинжон Исмоилов“Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов Бишкекке иш сапары менен келди". Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктады.

Маалыматка караганда, Исмоилов Бишкекте 1 күн болот.

"Бул иш сапар Кыргыз-Өзбек мамилесин жана эки өлкөнүн парламенттеринин алакасын жакшыртуу максатында уюштурулду. Былтыр Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков да Өзбекстанга ушундай иш сапар менен барган”, - деди ал.

Исмоилов аталган кызматта 2015-жылдан бери иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан