Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу өтөт.
18-февралда бул кылмыш иши боюнча соттук алдын ала уктуруу жабык өткөн. Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов бүгүн өтө турган алдын ала угууда мыйзамсыз далилдердин тизмеси карала турганын билдирген.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.