ЖЭБ соту. Жантөрө Сатыбалдиев ага коюлган айыптоолорго макул болгон жок

10-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу "коррупция" менен айыпталган мурдагы 8 чиновниктин иши боюнча соттук отурум улантылды.

Прокурорлор тарабынан айыпталуучуларга тагылган айыптар угузулду.

"Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ага тагылган айыптоолорго макул эместигин айтты.

"Сиздердин колуңуздарда өлкөнүн тагдыры, анын келечеги турат. Бул жерде өлкөнүн келечекте инвестициялары боюнча да кеп болууда. Себеби бул соттук отурумдарды учурда чет элдик донорлор да карап, кызыгышууда. Мен сиздин профессионалдыгыңызга ишенем. Мага коюлган айыптоолорго макул эмесмин, себеби мыйзам бузуулар болгон эмес", - деди Сатыбалдиев.

Мындан сырткары, ал өз сөзүндө соттук отурумдарды жумасына эки жолудан өткөрүүнү өтүндү.

Буга судья жактоочулардын башка сотторго катышкандыгы үчүн бир жолудан боло турганына токтолду.

"Сиз 2 жолудан өткөрүүгө уруксат берсеңиз, керек болсо жактоочуларды алмаштырабыз. Азыр картошка айдоо иштери башталды да, жактоочулар бошобой калышы мүмкүн. Алар бошобосо башкасын табабыз", - деп кошумчалады.

Айыпталуучулардын баары аларга коюлган айыптоолорду моюнуна алышкан жок. Ошондой эле, соттук отурумдун жүрүшүндө Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу анын абалы начар экендигин баса белгиледи. Ал кардиология бөлүмүндө узак убакыттан бери даарыланып жатканын эске салды.

"Учурда Осмонбек Артыкбаевдин абалы жакшы эмес. Ага эки жолу операция жасалды, учурда дагы дарыланууда. Ал алсыз болгондуктан сот отурумуна араба менен келүүгө мажбур болууда. Бул жагдай анын үй-бүлөсүнө да терс таасирин тийгизди. Анын азыркы абалын эске алуу менен аны баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнөбүз", - деди жактоочу.

Мындан сырткары, сот отурумунда айыпталуучу Салайдин Авазов онкологиялык дарт менен жабыркап келгени жана анын да баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилди. Бирок судья Авазовдун дарты тууралуу берилген анализ жана башка тиешелүү документтер шек жаратып жатканына токтолду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagyn.91
2019-04-10 23:16:16
2010-жылы Ош окуясын калыбына келтурууго болунгон акчалардын канчасын оз кызыкчылыгы учун колдонду экен, Жонторо Сатыбалдиев? Эми кусуучу Кун да келди! Эркинен ажыратылсын!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан