Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Саат 09:30дан 19:00гө чейин Бакай-Ата жаңы конушунда (Байсак, Бакай-Ата көчөлөрүндө);
Саат 12:00дөн 17:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда (Көк-Жар, Шабдан баатыр көчөлөрүндө).