Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштеринен улам өчүрүлөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Саат 09:30дан 14:00гө чейин Андижан, Коллекторная көчөлөрүндө;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда (Арстанбап, Көк-Жайык, Достоевский, Көк-Жаңгак, Кулмурзаев, Молдокулов, Куйручук, Ахунбаев көчөлөрүндө);
Саат 09:30дан 17:00гө чейин 11-кичи райондогу №15-17-үйлөрүндө;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин Ак-Ордо жаңы конушунда;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин Үч-Коргон, Манас, Офицерский тар көчөсүндө;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин Жамбул көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүктө;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Киргизия жаңы конушунда (Кожомкулов, Абдрахманов көчөлөрүндө);
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Түлөбердиев, Кокчетавский, Махатма Ганди, Караванский тар көчөлөрүндө өчүрүлөт.