Экс-президент Алмазбек Атамбаев: "Бүгүнкү бийлик Бакиевдердин жолу менен бара жатат"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 18-ноябрь күнү "Апрель" телеканалына президент Сооронбай Жээнбековдун тегерегиндеги чууга байланыштуу комментарий берди. Өткөн аптада юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялаган эле. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делген эсепти да тиркеген.

"Бул маалыматтын эмне үчүн азыр жарыяланып кеткени түшүнүктүү. Икрамжан Илмияновду камашты. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат. Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолу менен бара жатат. Бул документ тууралуу билгендер өмүрү үчүн кооптонуп жатышат.

Кулматовду эмне үчүн паспортко байланыштуу отургузуп коюшту? Бакиевдин учурунда Медет Садыркуловду өлтүрүшүп, алар муну менен “каалаган адамды өлтүрүп коё алабыз” дегенди көрсөтүшкөн. А булар күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап коюшту. "Карагыла, каалаган адамды отургузуп коё алабыз, керек болсо, өлтүрөбүз!" - деп жатышкандай. Адамдар өз өмүрүнө кооптонуп жатышат. Икрамжан Илмиянов кармалбаганда бул документтер ачыкка чыгып кетмек эмес. Бул үй-бүлө жүзүн көпкө чейин жашырмак деп ойлойм. Мени таң калтырганы - фонд боюнча чектөөлөрдү атайын алып салганбыз. Бул таза жана ачык-айкын акча болсо, анда эмне үчүн акчанын бардык көлөмүн көрсөтүшкөн эмес? Бул мени кайгыга салат",
- деди Алмазбек Атамбаев.

Юрист Нурбек Токтакунов жарыялаган эсептер боюнча президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына: "Бул жалган маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, эч ким кол койгон эмес. Фейк маалымат боюнча комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген", - деп жооп берген.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов: "Шайлоо штабына тийиштүү деп таратылган документте иш-чаралар, даталап туура, мага байланыштуу маалыматтар чындык, башка аты аталган адамдар тууралуу өздөрүнөн суроо керек", - деп комментарий тараткан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бул окуя жана башка жагдайлар тууралуу маегин "Апрель" телеканалы бүгүн, 19-ноябрда саат 21:00дө көрсөтөрү күтүлүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев: "Бүгүнкү бийлик Бакиевдин жолу менен бара жатат"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан