"КСДПнын шайлоо алдында түзүлгөн штабынын эсепчиси өлкөгө кайтып келсе анын коопсуздугу камсыздалып, объективдүү иликтөө жүрөт". Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги таратты.
"Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 19-ноябрда жергиликтүү телеканалдардын бирине берген интервьюсу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп жатат. Анда Атамбаев КСДП партиясынын шайлоо алдында түзүлгөн штабынын эсепчисинин өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды айткан. Президенттик шайлоого сарпталган делген каражат тууралуу жарыяланган маалыматтардан улам эсепчи жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өмүрүнөн кооптонуп жатышканы айтылган. Эгер бул кооптонуулардын чын-бышыгы аныкталса жана эсепчи өлкөгө кайтып келе турган болсо анын коопсуздугу камсыздалып, объективдүү иликтөө жүрөт", - деп билдирди ИИМ.
Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөндөгү фактылар аныкталган:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча КСДПнын президенттик шайлоо алдында түзүлгөн штабынын эсепчиси 2018-жылдын 11-ноябрында өлкө аймагынан чыгып кеткен. Тактап айтканда, "КСДП президенттик шайлоого жумшады" делген каражаттар тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланганга чейин 4 күн мурун өлкөдөн чыгып кеткен. Мындан тышкары 18-ноябрда эсепчинин уулу да өлкөдөн кеткен.
Маалымат үчүн:
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу айтып жатып "Бул реалдуу документ. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын эсепчиси да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген болчу.
Юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсепти да тиркеген.
Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына: "Бул жалган маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, эч ким кол койгон эмес. Фейк маалымат боюнча комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген", - деп билдирген.