Сатыгул кызы өзүнүн кайрылуусунда укук коргоочу Нурбек Токтакунов буга чейин жарыялаган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясында сарптаган "кара кассасы" боюнча айтылган маалыматтары тууралуу айтты.
"Мен эч нерсе деп айтпай эле коёюн дегем. Бирок гезиттер ар кандай жалган маалыматтарды жазып жатышат. Мындан улам кайрылуу жасоого туура келди, абалымдан спекуляция жаратууну токтоткула.
Биринчиден, мен өлкөдөн убактылуу чыгып кеттим, себеби Икрамжан Илмиянов камакка алынгандан кийин шектүү жагдайлар, чалуулар пайда болду. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевге айттым, ал убактылуу өлкөдөн кетип турууну сунуштады.
Экинчиден, мен эч кимден качкан жокмун, кетип бара жатып документтерди Атамбаевге калтыргам. Бул өзүмдүн коопсуздугум үчүн болчу, бирок интернетке чыгып кетет деп ойлогон эмесмин. Чындык - бул чындык, эми бул чындыкты баары билет.
Үчүнчүдөн, мен Бишкекке сөзсүз кайтып барам, болгондо да жакынкы убакта деп ойлойм. Эс алуум бүтөрү менен кайтып барам, ал жакта мага эч кандай басым болбойт деп ишенем", - деп айткан ал.
Адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган. Акыркы маалымат жыйынында президент "кара касса" тууралуу пикирин билдирген. "Муну ар кандай жаман ойлору бар адамдар сценарий түзүп жасап жатат. Алардын максаты - менин легитимдүүлүгүм тууралуу айтып, элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан бийликке келүү. Ага мен жол бербейм", - деген ал.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев маектеринин биринде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу айтып жатып "Бул реалдуу документ. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын эсепчиси (ред. Надира Сатыгул кызы) да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген болчу.