Максат Сабиров: "Парламент Маевскийдин кармалышы жана юрист Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча реакция жасашыбыз керек"

Максат Сабиров"Парламент Маевскийдин кармалышы жана юрист Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча реакция жасашыбыз керек". Мындай пикирин депутат Максат Сабиров парламент жыйынында айтты.

Ал аталган эки маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

"Бул боюнча реакция жасап, чара колдонбосок кийин эл тарабынан бизге карата туура эмес сөздөр айтылып калышы мүмкүн. УКМКны, Башкы прокуратураны чакырып, угуп койсок. Маевский боюнча кандай иштер болгон?" - деди Сабиров.

Депутат Талант Мамытов Токтакуновдун президенттик шайлоо боюнча билдирүүсү расмий маалымат эместигин айтып, мунун жалгандыгы далилденсе, ал жоопко тартылышы керектигин эскертти. "Эртең "жөн эле айтып койгон элек" деген сөз чыгат. Ошого прокуратура бул боюнча пикирин билдириши керек. Бул жигит эмнени максат кылып жаткандыгын баарыбыз түшүнүп турабыз. Ал маалыматтар боюнча иш жүргүзүлүп, жалган маалымат тараткан болсо, анын үстүнөн чара көрүлүшү керек", - деди Мамытов.

Вице-спикер Асел Кодуранова сунуштар боюнча тиешелүү комитетке тапшырма берилерин айтты.

Эске салсак, 16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазып, ошонун негизинде кыргыз саясатчысы 8 жылга соттолгон.

Ал эми 15-ноябрда юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу пост жарыялады. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсепти да тиркеген.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына: "Бул жалган маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, эч ким кол койгон эмес. Фейк маалымат боюнча комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген", - деп билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан