КСДПнын өкүлү: "Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын каржы маселеси боюнча өкүлү "кара кассадагы" маалыматтарды ырастады"

"Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын каржы маселеси боюнча өкүлү "кара кассадагы" маалыматтарды ырастады", - дейт КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Ал SUPER.KG порталына жакында эле Индияга барып, Жээнбековдун шайлоо штабынын каржылык маселелер боюнча өкүлү Надира Сатыгул кызына жолугуп, абалын сурап кайтканын айтты. Жолдубаева "кара касса" боюнча Сатыгул кызы кандай пикирде экенин айтып берди.

"Надира Сатыгул кызы интернетке тараган Сооронбай Жээнбековдун штабына тиешелүү делген "кара касса" боюнча жаман ойдо. Жалпыга маалымдоо каражаттарында атыӊды ар кандай чайкап жатышса кимге жаксын? Аталган файлда менин да фамилиям бар, андыктан бул теманы айланып өтүп кете албайм. Штаб боюнча киреше, чыгаша каражаттарынын эсеби тууралуу ички отчёттуулук анда (ред. Надира Сатыгул кызында) болушу керектигин тастыктады. Баары бир бул чоң акча. Менимче, ал азыр файлдын ичиндегилердин жарыяланып кеткенине моюн сунуп калган. Надира Сатыгул кызы чындык баары бир чындык экенин, эл билдиби, демек, ушундай болушу керек болгонун билдирди", - дейт Жолдубаева.

Адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган. Акыркы маалымат жыйынында президент "кара касса" тууралуу пикирин билдирген. "Муну ар кандай жаман ойлору бар адамдар сценарий түзүп жасап жатат. Алардын максаты - менин легитимдүүлүгүм тууралуу айтып, элди дүрбөлөңгө салып, кайрадан бийликке келүү. Ага мен жол бербейм", - деген ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев маектеринин биринде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу айтып жатып "Бул реалдуу документ. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын эсепчиси (ред. Надира Сатыгул кызы) да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген болчу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан