УКМК Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын айтуудан баш тартууда

УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын айтуудан баш тартууда. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтты.

"Ага кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу эч кандай маалымат берилбейт. Болгон маалымат берилген", - деген жооп узатышты Арзыкулов.

Буга чейин УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erik2018
2018-10-25 16:15:46
Эми азыркы маалда тергоо иштери жүрүп жаткан соң айтуудан баш тартат. УКМК жабык мекеме ага анча эмне башынарды саласынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан