Интернет желесинде Икрамжан Илмияновдун атына берилген учакка отургузуу талондорунун сүрөттөрү тарады. Андагы маалыматтарга ылайык, Илмиянов 18-октябрда Дубайга, андан кийин 19-октябрь күнү Нью-Йорк шаарына учмак.
Аталган маалымат боюнча пикирин угуу үчүн КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага кайрылганыбызда, ал Илмияновго жолугуу мүмкүн болбогондуктан бул тууралуу сүйлөшө албагандыгын айтты.
Жактоочусу Сергей Слесарев да кечээ убакыттын тардыгына байланыштуу аталган маалымат тууралуу сүйлөшө албагандыгын айтып, маалыматты тактагандай кийин комментарий берерин убадалады.
Ал эми Улуттук коопсуздук комитети Илмияновдун Дубай аркылуу Нью-Йоркко учуу планы болгону тууралуу толук маалымат берген жок.
Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. Кечээ, 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.